Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кыргызстандыктарды социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына коррупция жөнүндө кабарлоого чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн телеграмм каналына жазган.
“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кайрылган жарандар үчүн ыңгайлуу болуусу үчүн социалдык тармактар аркылуу көпүрө түзүп берди. Маалым болгондой, жарандар WhatsApp, Telegram, Facebook тиркемелери аркылуу коррупцияга байланыштуу видеоматериалдарды түз жөнөтө алат.
“2020-жылдын 28-октябрынан тартып, УКМКнын АБСке кайрылган жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн WhatsApp, Telegram жана Facebook мобилдик тиркемелери иштеп жатат. Ушул тиркемелерди колдонуп, сиз коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө билдирүүлөрдү, аудио жана видео материалдарды жөнөтө аласыз:
– WhatsApp номери – 0501660020;
– Телеграм номери – 0501660020;
– Facebook. Ошондой эле [email protected] электрондук дареги аркылуу жөнөтө аласыз”, – деп билдирүү жазган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ