Menu

Фото – Төрага Дастанбек Жумабеков Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамураны кабыл алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жапониянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамураны Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабеков элчи Ёсихиро Ямамурага кыргыз-жапон кызматташтыгынын өнүгүшүнө жана эки элдин достук мамилесинин чыңдалышына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан Жапония менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, акыркы жылдары экономикалык багыттагы байланыштарда жигердүүлүк байкалганын кошумчалады. Алсак, Ёсихиро Ямамура элчилик кылып турган мезгил аралыгында жалпы көлөмү 10 миллиарддан ашуун жапон йенин түзгөн гранттык долбоорлорго кол коюлган. Мындан тышкары Төрага 2017-жылдары Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын жакшыртууга багытталган эки өлкөнүн кызматташтыгы жемиштүү жүргүзүлгөнүнө токтолду.

Ошондой эле элчи Ёсихиро Ямамура парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөгө да өз салымын кошконун айткан Төрага, Кыргыз Республикасы менен кызматташуу боюнча Жапониянын парламенттик достук лигасынын делегациясы 2018-жылы Бишкекке иш сапар менен келгенин мисал кылды.

Белгилей кетсек, сапардын алкагында I кыргыз-жапон парламенттер аралык форуму өтүп, бул жааттагы алакалардын мүмкүнчүлүктөрү менен артыкчылыктуу багыттары талкууланган. Ал эми ушул жылдын 29-сентябрында депутат Талайбек Масабиров баштаган Жогорку Кеңештеги депутаттык достук тобунун мүчөлөрү иш сапар менен Жапонияга барат. Ага ылайык, Дастанбек Жумабеков мерчемделген иш сапар кызматташтыкты жаңы багытта өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенерин билдирди.

Өз кезегинде Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, мындан ары да эки өлкөнүн байланыштары өнүгө берерине үмүр артарын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков элчи Ёсихиро Ямамурага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырып, ишине ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: