Menu

Чет элден келген карагер

Бөлүшүү:

Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт. “Ат адамдын канаты деген кыргыздарда айтылган сөз тегин айтылбаган. Бүгүнкү заманда техникалар, жеңил машиналар аябай көбөйүп кетип, бул макалдын мааниси кетип калбадыбы. Бирок баары бир айыл ичиндегилерге атсыз колу-буту кесилген адамдардай болуп калат. Илгери алысты жакын кылган ат болчу. Бир жакка чабармандыкка же конокко барганда ат чоң ролду ойночу.

Бул окуя 1991-жылы Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында болгон. Адбыгалы деген кишинин район боюнча күлүк чыккан карагер айгыры тууралуу эл көп сөз кылышат. Аны кулун кезинен баштап өзү чоңойтуп, өзү таптап, өзү күлүк чыгарган. Кийинчерээк көптөгөн ат чабыштарга катышып биринчи орунду жеңип, акырындап эл оозуна алына баштайт. Улак тартыштарда да башкалардан өзгөчөлөнүп турчу. Ага кызыкпаган адамдар жок болчу. Чоң суммадагы ак-чаны айтып “сатпайсыңбы” деп да чыгышты. Аны эч кимге сатпай койгон.

Ошол жылы күз айларында район боюнча чоң той болуп, ат чабыш мелдеши уюштурулуп, биринчи байгеге жүз кой, экинчиге жетимиш, үчүнчүгө элүү кой сайылат. Башка райондогулардан облустагы эң мыкты деген аттар чабылат. Аттарды чабуунун аралыктары алтымыш чакырым болчу.

Эл аябай көп чогулуп аттардын келишин күтүп турушту. Эң биринчилерден болуп Абдыгалынын карагери келди. Өмүрү мынчалык мал кармап көрбөгөн Абдыгалы заматта бай, малдуу боло түштү. Жүз койду үйүнө айдап барып чоң той кылып айылына бүт чакырганын айтып жүрүшөт айылдаштары азыркыга чейин.

Ошондон бир апта өтүп өтпөй кимдир бирөөлөр түн ичинде карагер атты уурдап кетишиптир. Бул айыл боюнча “дүң” болуп, атүгүл район боюнча издөө салдырды. Күлүк аттын дайыны чыкпай кетти. Уурулар алыстан келишкенби эч жерден таппай коюшту. Байкуш Абдыгалынын издебеген жери калган жок. Кабагына кар жаап кадимкидей мүңкүрөй түштү. Ошондо арадан бир апта өткөндө кайра качып келиптир кайран жаныбар. Абдыгалынын кубанганын айтпа, атүгүл кой союп түлөө өткөрдү, атын кучактап ыйлаган дешет көргөндөр. Отуз биринчи жылдарда Таласта чоң той болуп ага боордош Казакстан, Өзбекстан, Таджикстандан келишип чоң ат чабыш болгон. Байгеге Жеңил машине коюлуп, жүз чакырым жерден ат чаптырышат. Ошондо карагер дээрлик жарым сааттай эрте келиптир марага.

Карагердин күлүктүгүнө кызыгып калышкан казактар “атыңды сат ” деп чыгышат. Абдыгалы макул болбой койгондо алар ортого киши салдырып, ак үйгө чейин барып атышып, күчкө салып, күлүктү кымбат баага сатып алып кетишет. Абдыгалынын чоңдорго нааразы болгонун, ызаланганын айтпа. Жаныбардын ээсине ушунчалык берилгендигин ушундан эле билсе болот, арадан жыйырма күн өтпөй Каармандагы (мурун аны Алтын чойчок деп этап коюшчу) өз үйүнө качып келиптир. Казактар кайра алып кетишип канчалык аркандап, тушап, сарайга камашса дагы арканды кырча тиштеп, эшиктин жыгачтарын туягы менен тепкилеп жатып талкалап, кайра эле качып келе берет. Акыры тажаган казактар “болбой калды, андан көрө мунун ордуна башка күлүк ат бер” дешип башка ат алып кетишиптир.

Карагер Улуу Ата-Мекендик согуш баштаганча көп байгелерге ээ болуп ээсин аябай бутуна тургузуптур. Согуш башталганда көптөгөн күлүк аттар менен бирге согушка алынып кетиптир, же согушта ок тийип өлдүбү, айтор ошондон кийин анын тагдырын эч кимиси билишпейт. Абдыгалы аны фронттон уулун күткөндөй, өмүрү өткөнчө күтүп жүрүп өтүптүр дешет көрүп калышкан замандаштары.

С.Карагулов Нарын облусту Тогуз торо району Казарман айылы

Булак: “Шамбала”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: