Бүгүн, 26-июнга карата Кыргызстанда дагы 250 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 105, Чүй облусунан – 61, Ош шаарынан – 47, Ош облусунан – 19, Ысык-Көл облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 12, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 1, Баткен облусунан – 2 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 4204кө жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 269 адам;
– Ош облусунда — 429 адам;
– Ош шаарында — 500 адам;
– Бишкек шаарында— 1552 адам;
– Нарын облусунда — 464 адам;
– Чүй облусунда — 587 адам,
– Баткен облусунда — 48 адам;
– Талас облусунда – 39 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 76 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 50 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 2162ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 21 адам; Чүй облусунан – 17 адам, Ош облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 10 адам.
Илдеттен улам каза болгондордун саны 43.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ