Menu

Кечээ, 12-майда Минскиде Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев жолугушуп, бири-бирин кечиришип, жарашыптыр

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-майда Беларусиянын борбору Минск шаарында орустардын жана белорустардын ортомчулугу менен Кыргызстандын экс-президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев жолугушуптур. Алгач суз учурашкан эки инсан акырында кечиришип, кучакташып, көз жаш кылышып, жарашып, мындан ары душмандашпоого кол алышып шерттешиптир. Тапандардын айтуусунда Аскар Акаич “Курманбек, мен сени өстүрүп, премьер-министр кылсам, анан сен кантип 2005-жылы мага каршы чыктың?” деп сураса Курманбек Салиевич “Мен деле Алмаз Атамбаевди министр, премьер-министр кылып өстүргөнүмө карабай каршы чыкты го” деп жооп кайтарыптыр.
“Биз душмандашкандан эмне таптык? Бизди бөлүп-жарып, элди бөлүп-жарып бийликти басып алгандар мамлекетти башкаралбай талкалап жатышат. Мамлекеттик башкаруу, саясый система, экономика талкаланды. Эми экөөбүз биригип, элден кечирим сурап, элге Атамбаевди кетирүүгө жардам бербесек болбой калды. Ошондо балким эл бизди кечирээр, өздөрүнө жаккан дагы бир жаш адамды президент кылып шайлап алышар. Азыр биздин да, элдин да душманы Атамбаев. Бул бийлигин жоготуудан коркуп, бизди Кыргызстанга киргизбей жатканы адамгерчилик эмес. Агаларыбыз, жакын туугандарыбыз каза болсо топурак салганга бара албасак, бу кандай? Кыргызстанга кайталы, бизге кызматтын, мансаптын кереги жок. Бизге Кыргызстандын абасы менен суусу эле керек” таризинде макулдашып, Атамбаевди экөөсүнүн тең душманы катары аныкташып, ага каршы бардык ресурстарды мобилизациялап, чогуу күрөшүүгө бел байлашыптыр.
Акаев менен Бакиевдин жарашуусуна Путин, Каримов, Назарбаев, Рахмон жана Лукашенколор чоң салым кошушуптур. Айрыкча Назарбаев менен Каримов бизди “вирустан” качан кутултасыңар деп Атамбаевди жактырышпаганын Кремлге айта берип, “көкөйлөрүнө көк талкандай тийишкен” экен. Кечээ эле Путин 9-майдагы Москвадагы парадга Назарбаевди чакырып, Атамбаевди чакырбай койгонунда кеп бар окшойт.
Байкасак, Алмаз Атамбаевдин душмандары өлкөнүн ичинде да сыртында геометриялык прогрессия менен көбөйүп баратканы ачык көрүнүп калды. Эми акыркы сөз албетте кыргыз элинде.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: