Элди ачык түрдө терроризмге үгүттөдү деген кине менен 13-майда Элдик-патриоттук кыймылдын лидери Нурлан Мотуевди УКМК кызматкерлери кармап кетишти. Маалыматка карганда ал учурда УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Эске салсак, 12-майда Бишкекте өткөн Элдик парламенттин жыйынында Мотуев шариат закондору, “Ислам мамлекети” тобу тууралуу сөз сүйлөгөн.
Буга чейин “Элдик парламенттин” лидери Бекболот Талгарбеков, мүчөлөрү Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган деген кине менен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ