Түркмөнстан президентинин коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Акмурад Режепов 10-августта абакта каза болду. 2007-жылы ал бир канча экономикалык кылмыштарга айыпталып, 17 жылга эркинен ажыратылган.
Орусиянын «Мемориал» укук коргоо борборунун маалыматы боюнча маркумдун сөөгү туугандарына берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн Лебап аймагында болот.
Акмурад Режепов 1985-жылдан бери Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук комитетинин өлкө президентинин жеке коопсуздугу үчүн жооптуу болгон бөлүмүн жетектеген. 2006-жылы президент Сапармурад Ниязовдун өлүмүнөн кийин бийликтин учурдагы мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухамедовго өтүшүндө анын ролу чоң экени айтылып жүрөт.
2007-жылы 5-майда генерал-лейтенант Режепов башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу деген түшүрдүрмө менен кызматтан алынган. Көп өтпөй камакка алынып, 12 жылдан бери тамеки сатуу менен алектенген кылмыштуу топ түзгөн, өзгөчө ири көлөмдө пара алган, салык, бажы төлөмүн жана салык төлөөдөн качкан деп айыпталган. Ошол жылы июлдун аягында өлкөнүн Жогорку соту тарабынан 17 жылга соттолгон.
Акыркы жылдары анын аты түркмөн абактарында дайынсыз болуп жаткан 100дөн ашык адамдын тагдыры тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарууга чакырган «Тирүү көрсөткүлө» деген эл аралык өнөктүктүн материалдарында айтылып жүргөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ