Эртең, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүп, анда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү каралат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Мындан сырткары күн тартибинде 2017-жылдын январь-март айларына өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы да талкууланат. Ошондой эле Өкмөттүк жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «КР Өкмөтүнө караштуу «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеши» тууралуу токтомунун долбоору да каралмакчы. Аны менен катар Бажы биримдигиндеги/ЕАЭБ техникалык регламенттерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселе да талкууланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ