Menu

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин жыйынына катышты

Бөлүшүү:

КРнын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков видеоконференциялык байланыш режиминде Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү отурумду ачып жатып,  Артём Новиковду Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындалышына байланыштуу ЕЭК кеңешинин мүчөсүнүн милдеттерине киришүүсү менен куттукташты.

ЕЭК кеңешинин отурумунда ЕАЭБдин ички базарындагы тоскоолдуктарды четтетүү, административдик укук бузууларды жасаган кыргыз жүк ташуучуларынын «кара тизмеге» киришине байланыштуу кырдаалды, ошондой эле ЕАЭБдин мамлекеттик сатып алууларынын бирдиктүү рыногун жөнгө салуу сыяктуу 30дан ашык маселе талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна чейин бардык маселелер боюнча макулдашуу үчүн Кеңештин отурумдарын өткөрүү графигин күчөтүүнү макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: