Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуялары боюнча камакка алынды. Бул тууралуу, бүгүн, 12-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Равшан Жээнбековго Кылмыш кодексинин 244-беренеси (“Барымтага алуу”) жана 264-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштуруу”) боюнча айып коюлган. Учурда Жээнбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына 48 саатка киргизилди.
Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгон. Кой-Таш окуялары боюнча буга чейин ИИМге суракка чакырылган. Бүгүн да ИИМге суракка чакырылып, ошол бойдон камакка алынганын, ал жакка азыр адвокат Замир Жоошев баратканын КДПКнын өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты.
Бүгүн Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулуп, бир топ адамдын аты аталган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар болчу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ