Menu

«Айыл чарба тармагын каржылоо-5» долбоорунун алкагында жалпы 7 млрд сомго чейин насыя берилет

Бөлүшүү:

“Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев кечээ, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө «Айыл чарба тармагын каржылоо-5» долбоору жана айыл чарбасын кайра иштетүү өнөр жай тармагын колдоо боюнча маалымат жыйында билдирди” – деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Нурбек Мурашев дыйкан-фермерлерди колдоо тармагындагы Өкмөттүн аткарып жаткан иштери тууралуу толук маалымат берип, бүгүнкү күндө насыя алууга эч кандай тоскоолдуктар жоктугун, алты банкта каражат жетиштүү экенин билдирди.

«Бүгүнкү күндө жазгы талаа иштерине 1 млрд. 241 млн. сом насыя берилди. Азыркы тапта насыя берилип жаткан алты банкта жалпы болуп 2 млрд. 100 млн. сом каражат бар. Дыйкандар мал чарбачылыгына, өсүмдүк өстүрүү тармагына 10%, кайра иштетүү тармагына 6% жылдык үстөк менен 36 айга насыя алууга мүмкүнчүлүгү бар», – деди ал.

Финансы министринин орун басары Алмаз Азимов маалымдагандай, жалпы сумманын ичинен мал чарбачылыгына 13,7 млрд. сом, өсүмдүк өстүрүүгө 1,5 млрд. сом жана кайра иштетүүгө 1,7 млрд. сом насыя берилди.

«2017-жылы 6 коммерциялык банктын 700 млн сомдон пайыздык үстөк каражатын субсидиялаштыруу пландалууда. «Айыл чарба тармагын каржылоо-5» долбоорунун I этабында 3,3, млрд. сом, ал эми II этабында 3,6 млрд. сом берүү каралган. Жалпы болуп, 2017-жылы айыл чарба тармагына 7 млрд. сомго чейин насыя берүү пландалууда»,-деди Алмаз Азимов.

Азыркы тапта «РСК банк» ААК тарабынан «Айыл чарба тармагын каржылоо-5» долбоорунун алкагында 922 чарбагерге 303 млн. сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу маалымат берген «РСК банк» ААК төрагасы Азиз Оморкулов насыя алууну каалаган жарандардын бардык документтери толук болсо, 3 күндүн ичинде каражатты колуна алууга болорун кошумчалады.

«Насыялар мал чарбачылыгына 3 млн. сомго чейин, ал эми өсүмдүк өстүрүү менен кайра иштетүү тармагына 20 кишиге чейин жумуш менен камсыз болгон ишкерлик субъектиге 10 млн. сомго чейин жана 20 кишиден ашык жумуш менен камсыз болгон субъектке 50 млн. сомго чейин берилет», – деди Азиз Оморкулов.

Ал эми «Айыл банк» ААК «Айыл чарба тармагын каржылоо-5» долбоорунун алкагында 500 млн. сом насыя берилди. Банктын өкүлдөрү маалымдагандай, берилип жаткан насыялардын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгына андан кийин өсүмдүк өстүрүүгө жана кайра иштетүүгө багытталууда.

«Айыл чарба тармагын каржылоо-5» долбоору боюнча Жалал-Абад облусунда 892 дыйкан-фермер, Чүй облусунда 650, Ош облусунда 497, Ысык-Көл облусунда 392, Нарын облусунда 376,Талас облусунда 346 жана Баткен облусунда 220 чарбагер үч багыт боюнча насыя алышты.

Бүгүнкү маалымат жыйынга Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, Финансы министринин орун басары Алмаз Азимов, “РСК Банк” ААК төрагасы Азиз Оморкулов, “Айыл Банк” ААК төрагасынын орун басары Авасбек Тамеликов жана “Айыл Банк” ААК насыя берүү башкармалыгынын башчысы Мунарбек Шорохов катышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: