“Жогорку Кеңеште айрым депутаттардын кабинетинде душ жок. Бул теңчилик эмес”… Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жамалдинов Зиядин айтып чыкты. Пленардык жыйында башка депутаттар жанталашып көйгөйлүү маселелерди көтөрүп ызылдап жатышса депутаттын бул жоругу көптөрдүн кыжырын кайнатты. Айтаарын айтып алып парламенттик кабарчылардын “кана кимдин кабинеттеринде душ бар, айтып коюңузчу? Көрсөтүп бере аласызбы?”- деген суроолоруна жооп бере албай “мен азыр, мен азыр”- деген бойдон кабинетине кирип чыкпай олтуруп алды. Деги ушул биздин парламентте эптеп эле сүйлөп калайын деп калгандардын көптүгү өкүндүрөт. Эми болсо журналисттерге жалаа жаап, алар сөздөрүмдү бурмалап салышыптыр дегенге өттү. Албетте жоруктары жомок болуп жаткан депутаттардын мындай пикирлерди коомчулук кыжырдануу менен кабыл алды. Көтөрүлбөгөн маселе душ эле калган болчу өзү.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ