Menu

Канышай Мамыркулова, журналист: “Апрель окуясынын талабы аткарылган жок деп так кесе айтууга болот”

Бөлүшүү:
Апрель элдик революциясынын 6 жылдыгы белгиленүүдө. Андагы негизги талаптар: электр энергиясынын баасын арзандатуу, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш, люстрация, саясий куугунтуктуу токтотуу, Бакиевдерди өлкөгө алып келип жазалоо ж.б. болгон. Мына ушул талаптар аткарылдыбы? Эгерде аткарылбаса, ага биринчи кезекте кимдер күнөөлүү?
Канышай Мамыркулова, журналист:
– Алты жылдан бери акырына чыкпаган  аскердик сотуна акыркы чекит коюлгандай болду. Бирок, бул кандуу калабанын башкы күнөөлүүлөрү Курманбек Бакиевдин жана анын айланасындагы адамдардын сыртынан соттолгонун эске алсак, Апрель окуясынын талаптары аткарылды деп айтууга болбойт. Анын үстүнө мына ошол окуяга катышкандардын, жабыркагандардын, мамлекеттен жардам алгандардын саны жылдан жылга көбөйүп, суроо жаралып маселе көп. Алты жыл аз убакыт эмес. Өлкөнүн экономикалык социалдык учурдагы абалын эске алуу менен Апрель окуясынын талабы аткарылган жок деп так кесе айтууга болот. Негизинен ал окуянын айланасындагы маселелер деле көп суроону жаратат. Сөз эркиндигин “оюна келгенди айта берүү” деген алкакта карасак, дурус десек болот. Бирок,  Конституцияны четке кагып, Кылмыш кодексине 329-беренеге оңдоо жана түзөтүүлөрдү киргизүү менен сөз эркиндигине болгон чектөөнү дурус эле киргизди. Бул сыяктуу маселелер  жок эмес.
Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: