Menu

Казакстан Парламент Сенатынын депутаты Ахан Бижанов: «ЕАЭБ курамына кошулууда парламентке байланыштуу маселелерге да чоӊ маани берилет»

Бөлүшүү:

 

Бул тууралуу Казакстан Парламент Сенатынын депутаты Ахан Бижанов бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарында өтүп жаткан «Евразиялык экономикалык келечек» аттуу эл аралык экономикалык форумдун жүрүшүдө билдирди.

«Биздин мамлекеттер менен элдердин алдында турган көптөгөн орчундуу маселелердин чечилишинде достук ымалага жана кызматташтык алакага таянган өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү гана негиз болот», – деп, ал бул биримдикке кошулуунун утуш жактары ачык көрүнүп турганын, биринчи кезекте ири рынокко кирүү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын биримдик аймагында эркин жүрүү укугуна ээ болушу мунун башкы жетишкендиги болуп саналарын кошумчалады.

«Мындай жагдай, албетте, азыркы заман талаптарына жооп берүү менен, биздин ЕАЭБ алкагындагы жана андан тышкары алкактагы аракетибиздин кыйла жандандырат. Биз дүйнөнүн баардык өлкөлөрү менен соода-экономика жаатындагы алакаларыбызды арттырууга тийишпиз», – дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарында «Евразиялык экономикалык келечек» аттуу эл аралык экономикалык форум өтүүдө. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин парламентчилери, КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: