Борбордук шайлоо комиссиясына Канат Исаев, Арсланбек Малиев, Рита Карасартова, Токтайым Үмөталиева, Камила Шаршекеева кол тамгаларды тапшырышты. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, К. Исаев 37 633, А. Малиев 55 806, Р. Карасартова 31 777, Т. Үмөталиева 48 777, К. Шаршекеева 39 237 кол коюлган барактарды тапшырышкан.
Эми кол коюлган барактарды атайын түзүлгөн жумушчу топ 10 күндүн ичинде ишенимдүүлүгүн текшерет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ