Атаганат, мындан алты жыл мурда Мелис Мырзакматов деген кандай даражада эле? Кыргызстандын экинчи борборундагы Ошто басканы жарашкан, шаардыктар таңданып карашкан, ооматы артып бараткан калаанын кожоюну болчу. Демине дымдама бышып, мактоодон дене боюу нымшып, салаадан сөлкөбайлар кончко түшүп турган жомоктогудай кез эле. Бирок, жылдар тогошуп, “сыйкырдуу таягынын” дарамети кетип, падышанын көзү түз болбой кете берди берекеси ылдый жылмышып. Анан алкымынан айып табылып, челдейген курсагы жарылып, чет жакка сызды аптыгып.
Антсе да дале болсо калтасы кур эмес. Басып алган жерлеринен акча турат агылып, кала элек берекеси жабылып. Ошол үчүн Туркияда жүрдү да Сокени акмалап, мейманкананын эшигин какмалап. Тилекке каршы көздөгөнү орундалбай, тилегин таш капканын дароо кабарлашты узун кулактар. Убагында теңсинбеген кишинин жылдызы жанып президент болорун түшүндө да көрбөсө керек,аттиң. Эгерде көзү ачыктыгы болгондо какмалап, эрсинбей жүрмөк эмес да мурдун келтейтип. Кантсин, эми дагы далай жыл “сүргүндө” болот окшойт Мырзакматов. Кандай болгон күндө да кыргыз жерине болгон кусалыгы тоодой десек бап келеттир, же мунун калпыстыгы барбы?
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ