Menu

Улуулар  жаштарга  үлгү болушса… Кемел Аширалиев колдогон менен Темир Сариев шайлоодо жарытылуу добуш топтогон жок

Бөлүшүү:

Ар дайым  шайлоо болордо  илгери легендарлуу парламентте жүргөндөрдү, чоң кызматтарда  кайкалаган  коомдук ишмерлерди, генералдарды, академиктерди, ошол аймактагы көрүнүктүү аксакалдарды  сый тамакка чакырмай “илдет” бар экенин билебиз.  Мен президент болом деген талапкерлер  мындайда тизменин башына ушуларды тизип, анан калгандарын жаза баштайт.  Колунан келсе өзү, болбосо тили өткөн бирөөлөрдү  сакалдуу, көкүлдүүлөргө  ортого салат.  Так ушул учурду саргара күткөн билерман, батакөйлөр деле  болорун кантип таналы? Баланча  чай бериптир деген кепти уккандар; – “Деги кайсыл таанымал аксакалдар, окумуштуулар, тың чыкмалар барыптыр деген суроону алгачкылардан кылып беришери турган иш.  Былтыр  “Консул” деген ресторанда кадимки Темир  Сариев  элге чай берди. Колунан келишинче азыркы талапты эске алып дасторкон жайдырыптыр.  Эңсеген тамактардын баарын жайнатыптыр.  Акырындык менен аттуу, тондуулар агылып келе баштады. Төргө  олуттуу коноктор орун алып, калгандарына да жайлар көрсөтүлдү. Кыргыз эл баатырлары баш болуп, жандоочулары төш болуп келишти. Көптөн бери көрүшпөгөндөрдүн сөзү бүтпөйт. Кадимкидей  кубанышып, бажакташып болушпайт. Маданияттын, адабияттын, искусствонун чыгаандары чакырылыптыр. Кайыргүл Сартпаева,  Дарыйка Жалгасынова, Гүлсайра Момуновалар да мен деген коомдук ишмерлердин  жанында  жайгашканына чечекейлери чеч болгону байкалат.

Ошентип салтанат башталып, сакалдууларды  ортого чакырып тамада четинен сөз бере баштады. Бир тобу сыпайы гана сөзүн айтып, билмексендикке салды. Ошондо чыдай албай кеткен көкжал Кемел Ашыралиев микрофонду колуна алып топту жарды. –“ Бизди мине Темир зериккенинен чайга чакырыптырбы?  Ажолук  жарышка түшсөм, колдоп бересиңерби деген максаты бар үчүн баарыбызды топтоду да. Эч кимиңер карап турсам ачыгын айтпай кутулгуңар келет а-аа?  Мына мен Темирди шайлоодо колдойм, башкасына кетпейм”-деп ак дилинен жарылганына  көбү туура баасын беришти. Айтканындай  К.Ашыралиев аягына чейин Т.Сариевди колдоду. Тилекке каршы  анын топтогон добушу анчалык колдоочуларын  сүйүндүргөн жок.

Кийинки кезде аксакалдарды көзгө илбей, ар кандай аттар менен тескегендер пайда болду. Мунусу аз келгенсип түз эле басма сөз каражаттарына  “Дүжүр”,”Акшакал” деп белгилеп калганына бүшүркөбөй кое албайсың. Бирок, кээде ушинтүүгө негиз табылып каларына деле шектенүүгө болбойт. Баатырлардын баары эле  жаштарга нагыз үлгү тартуулап жатат дегендин өзү калпыстык болуп калат. Эгерде  Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Феликс Кулов, Роза Отунбаевалар “өзгөчө от” алып, алоолонуп  бараткан Өмүрбектерди убагында жеңинен тартып, акылдуу кеңешин айтууга жараганда алардын үй-бүлөлөрү  минтип кайгыга батмак эмес. Антишпеди, тескерисинче сенден кыйын эч ким жок, тизгинди колуңа карматканга биз турабыз деген опурталдуу сунуштарын жаадырышты. Элдин басымдуу катмары сен тарапка ооду  деп ого бетер  буларды дүргүтүп салышты. Саясаттын тегирмени  тегеренгенде  эч кимисин ылгабай туруп майкандап салат турбайбы. Болбосо көзүнө  жерде басып жүргөндөрдүн баары  бечара көрүнүп, каалаганыма жетем деп дөгүрсүгөн Текебаев, Бабановдор вабанкка кетмек эмес. Таптакыр көкүрөгүн ээ-жаа бербей ээлеп алган эгоисттик “бийликке жетем” деген көз караштары  акырында өз баштарына муш болуп тийди. Аларды канчалык  көкөлөтүп мактабайлы, баары бир айыгышкан күрөштөн мертинип чыгышты. Эми жеңилүүгө дуушар болгондорду саясатта кайрадан толук  калыбына келиши мүмкүн эмес деп коюга негиз бар. Анткени дөңгөчтүн оор жагын басып турган лөктөр тигилер баш көтөрсө чамгактай  эле  алыска аламандатып жиберишет. Күч бирдей эместигин ачык эле белгилеп коюш кажет. Буга тигилердин тарапташтары деле моюн сунбаска аргасы калбады.  Ал эми кызыл тилди бултактаткандан майнап чыкпайт. Ток этерин айтканда  жел толтурулган калп “баатырдан” чычканды эптеп кармай алган мышык  артык экенине шегибиз жок.

Муну менен эмнени айткыбыз келди? Аксакал деген статуска толук кандуу  ээ болгон  улуу муундагылар барбы? Албетте, жок эмес. Андай сөзү орундуу, кадырлуу аксакалдар  эч убакта көрүнгөн жерге барып ойду-тоону сүйлөбөйт.  Алаканын ысытып коюшуна кызыктар эмес. Өз агаңды сыйласаң жат бирөөнү эш тутпайсың деген кеңешин берет.  Минтип тетириленбеген, туура кебин, сунушун айткандарды ошондуктан чайга көп чакырышпайт.  Чакырылган жерден түк калбагандардын психологиясы таптакыр өзгөрдү.  Аларды ким сыйласа, бирдемкесин алаканына сала койсо, башына калпак кийгизип, үстүнө чапан жапса  эле  добулбасын кага берет, ак батасын бере берет. Ушинтип калыстыктан тайып кетип жатышканын көзүнө айтсак бир жерибиз кемип калабы?  Ошондуктан улуу муундагылар кийинкилерге өрнөк болууга умтулушса,  акыйкат кебин айтуудан тайманбаса, элдин ишине жараган жаштарды  туура жолго салууга ниет кылса улуттук дөөлөттөрүбүздүн терең тамыр алынышына өбөк болмок.

 

Ж.Түзайтар

Булак: Ачык сөз

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: