Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Ысык-Көлдүн жашоочуларынын кыймылын чектөө тууралуу чечимди облустук ыкчам штаб кайра карап чыгат”

Бөлүшүү:

Бүгүн Ысык-Көл облустук коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы аймактын жашоочуларынын кыймылын чектөө боюнча чечимди кайра карайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, облуска кирип-чыгууга тыюу салынганы жалпы алгоритмге туура келбейт.

Белгилей кетсек, 4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга баруусуна тыюу салынган. Тургундар райондук мамлекеттик администрация, Каракол жана Балыкчы шаардык мэрия тарабынан берилген уруксат кагазынын негизинде гана башка жакка чыга алышат. Кайра облустун аймагына кирген учурда экспресс тесттин же ПЧР анализинин натыйжалары жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет, ошондой эле 14 күндүк үй карантинине алынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: