Menu

Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-октябрда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына мамлекеттик чек араны коргоо жана сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле казакстандык тараптын бир жактуу чараларынын улам кошуна өлкөнүн көзөмөлдөп-өткөрүүчү пункттарында жарандардын жана транспорттордун көп жыйылып калгандыгы байкалган кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаал туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматы башка мамлекеттик органдар менен бирдикте кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Казакстан тараптан өтүүдө кыйын кырдаалда калган адамдардын абалын жеңилдетүү боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү экендигин баса белгиледи.

Адамдарга жардам көрсөтүүнү күчөтүү чараларынын маанисин баса белгилеп, Мамлекет башчысы тез бузулуучу азыктар жүктөлгөн жүк ташуучу чоң автомашиналарды Казакстандын өткөрүүчү пункттарына биринчи кезекте багыттоого көмөктөшүү жумушун уюштуруу милдетин тапшырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоого жана көзөмөлдөп-өткөрүүчү пункттарында ишти мындан ары өркүндөтүүгө байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: