Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети ЕАЭБ алкагында иштелип чыккан Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду жактырды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы кабарлады.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин маалыматына караганда, өзгөртүүлөр менен толуктоолор Евразия экономикалык бирлигинин курамына кирген өлкөлөрдүн опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы аракеттерин жөнгө салуу чараларын жакшыртуу максатында киргизилүүдө. «Тагыраак айтканда, Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо кеӊешинин иш-милдеттери кайрадан такталып, каржылоо булактары аныкталды», – дейт ал.
Андан сырткары, эки жылдан бери бир катар мыйзамдар менен техрегламенттерге көптөгөн түзөтүүлөр киргизилгени, анын ичинде азыр өлкө аймагындагы өнөр жай объектилеринин маалымат базасы түзүлүп жатканы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ