Menu

Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чегиндеги чатак тууралуу маалымат берди

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 6-январда кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыкканын тастыктады. Анын маалыматына караганда, жаңжал курчуп кетип, өзбек аскерлери асманга эскертүү иретинде ок аткан. Андан эч ким жабыркаган эмес.

Окуя Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы Ак-Курча деген жерде болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, кыргызстандыктардын малы эки өлкө ортосундагы такталбаган аймакка өтүп кеткен. Издеп барган ээлери да ошол аймакка кирип калгандыктан, коңшу өлкөнүн чек арачылары менен түшүнбөстүк келип чыккан.

Эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын жооптуу аткаминерлери жолугушуп, маселени талкуулашууда.

Өзбек тарап азырынча маалымат тарата элек. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району менен Өзбекстандын Наманган облусу чектешкен аймакта 19 миң гектардан ашык аянт талаштуу деп эсептелет. Эки мамлекет тең жарандардын ортосунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат.

Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымга созулат. Анын 85% такталганы расмий айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: