Бүгүн, 7-майда өкмөттүк онлайн-брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
“Кечээ өкмөттүн жыйынында өкмөттүн экинчи антикризистик планынын эң негизиги багыттары бекитилди. Бул план негизи иштелип чыгып жатканда бизнес коомчулуктан түшкөн сунуштарды, донорлордун консультанттарынын пикирлери жана биздин көз карандысыз адистердин сунуштары эске алынып жатты. Андан тышкары Жогорку Кеңеште айтылып жаткан ой-пикирлер, түшүп жаткан сунуштар эске алынып, бул план иштелип чыкты. Биринчиден бул антикризистик пландагы эң негизги басымды биз жеңилдетилген каржылоого жасап жатабыз. Ишкерлерге өтө жеңилдетилген насыя берүү багытында. Биз антикризтик фонд түзөбүз деген планыбыз бар. Ошонун эсебинен жеңилдетилген түрдө насыяларды биздин ишкерлерге бермекчибиз. Бул тууралуу өзүнчө программа иштелип жатат жана жакынкы арада бекитилет. Ал программада негизги шарттар: мөөнөттөрү, пайыздык үстөктөрү жана кошумча жеңилдиктери көрсөтүлөт”,- деди Эркин Асрандиев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ