Menu

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтүнүн жаӊы түзүмүн, курамын, иш программасын талкуулоо уланууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызмат ордуна талапкер Сооронбай Жээнбеков жаӊыдан түзүлүп жаткан КР Өмөтүнүн түзүмү, курамы, иш программасы жөнүндө баяндамасынан кийин эл өкүлдөрү жаңы өкмөттүн курамына сунушталган талапкерлердин өлкөнүн экономика, айыл чарба, коопсуздук жана башка тармактарын өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерине, максаттарына кызыгышты. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Мирлан Бакировдун суроосунан кийин жер тилкелерин трансформациялоо маселеси жакында чечилери белгилүү болду. Ал эми энергетика тармагына, чакан ГЭСтерди курууга азыркы тапта бир топ инвесторлор келип жатканы менен олуттуу деп саналган бул тармак үчүн аларды иликтеп, жакшылап тандоо зарылдыгы, чакан ГЭСтерди куруу баштала тургандыгы жооптолду.

Эл өкүлдөрү ЕАЭБ алкагында темир жолу боюнча бирдиктүү тариф маселесинде Казакстан аймагына кыргыз ишкерлеринин чоң көлөмдөгү каражаты калып жаткандыгын сынга алып, бул багытта келишимге жетише албаган тармактык мекеме өкүлдөрү, өлкө аймагына аткезчилик жолу менен көп товарлар өтүп, бул дагы мамлекеттин бюджетине көптөгөн түшүүлөр болбой калгандыгына кимдир бирөө жоопкерчилик тартышы керектигин белгилешти. Өкмөт түзүмүндө сунушталган вице-премьер-министрлердин саны көптүгүн (4 вице-премьер-министр) сынга алышты. Экономикалык блокту тейлөөдө биринчи вице-премьер-министр – Мухаммедкалый Абулгазиев же экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратовдун экөөнүн бирөө гана жетиштүү экенин белгиленди.

Ошону менен катар тоокен тармагы жаатында көмүр өндүрүүчүлөрдүн көмүрү, “Кыргызнефтегаз” ишканасы өндүргөн мазут сатылбай жаткандыгы айтылып, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого алынбай жаткандыгы айтылып, бул багытта Өкмөттүн программасына кандайдыр бир план белгилениши керектиги кошумчаланды.

Суроо-жооп жүрүмү уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: