Menu

Асылбек Маратов, төкмө акын: «Акындык өнөрдү өстүрүш үчүн тарых, адабиятты көп окуш керек»

Бөлүшүү:

Бабалардын жолун жолдой өнөр таптап, сөз баалаган жаш акындардын чыгып келе жатканы жүрөк сүйүндүрөт. Дал ушундай жаш акындардын бири, көптөгөн сурамжылоолордун негизинде биздин гезиттин “Жылдын мыкты акыны” болгон, Асылбек Маратов бизде конокто.

* Саламатсызбы, Асылбек мырза. Кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жаш акын кайсыл жердин кулуну болот? Ошондой эле, бул өнөрдү аракалап калууңузга эмне себеп болду?

* Саламатсыздарбы, мен 1990-жылы Нарын шаарында төрөлгөм. Акын боло албасам да, артист болом деген жаш кезимден бери кыялым болчу. 2-класста окуп жүргөнүмдө апам, күү чертүү боюнча музыкалык мектепке берип койгон. Ошол жерден комуз черткенди үйрөнгөм. 2005-жылы Бишкекте Арстанбек Буйлаш уулунун 180 жылдыгына карата айтыш болуп калды. Арстанбек акын менин бешинчи чон атам болот. Ал айтышта күү чертип катышкам. Ошондо «Айтыш» коомдук фондунун төрагасы Садык Шер-Нияз комуз белекке берип, аны устатым Элмирбек Иманалиев тапшырган. Ошол учурдан тартып, айтышка болгон кызыгуум артты. Эң алгачкы жолу 2007-жылы айтышка чыктым. Ал кезде Улуттук филомониянын 2 жылдык студиясын Аалы Туткучевден аяктадым. Азыркы учурда Улуттук консерваторияда элдик ырдоо бөлүмүндө окуйм. Мына ушулардын баардыгы акын болуума түрткү болду десем болот.

* Төкмө акындар жан дүйнөсүн, сөз байлыгын кантип толтурат болду экен?

– Илгерки акындар эч кандай калем кагазы жок эле төгүп турушкан. Устаттын шакирт үчүн канчалык маанилүү, орду чоң

экенин Токтогул жана анын шакирти Алымкулду мисал кылсак болот. Жанында жүрүп эле Алымкул залкар акын болду.

2001-жылы «Айтыш» мектеби ачылгандан тартып, айына үч жолу айтыш өтөт. Бул да болсо биз үчүн такшалуубузга жардамы чоң. Андан тышкары акындык өнөрдү өстүрүш үчүн тарых, адабиятты көп окуш керек. Устаттардан үлгү алып, өзүң да изденүүнүн үстүндө болсоң, ийгилик ошондо жаралат.

– Сиз айтышка чыкканда дароо эле оозуңуздан сөздөр куюлушуп төгүп кеткен эмессиз да? Башында жаттап айткан учурлар болсо керек?

– Мындай учурлар эми бардык эле акындын башынан өтсө керек. Чыгып эле шыр төккөн акындар жок азыркы учурда. Айтышка бара жаткан учурда ойлоносуң, эмнени айтам, кандай курч темалар келип калышы мүмкүн, андай жагдайдан кантип чыгам. Ушунун баарын ойлоносуң. Төкмө акындар жаттап алышат деп ойлогондор да арабызда. Мисалы эртең айтыш болот экен деп, бүгүн 30-40 куплет жаттап алып барсам, ал акын менен айтышпай калышым мүмкүн да, же темабыз башкача болуп калышы толук мүмкүн. Айтыш ошол жагдайга карата айтышып жаткан эки төкмө акындын маеги.

– Бүгүнкү күнгө чейинки алган сыйлыктарыңыз?

– Ар бир өткөрүлгөн айтыштарга катышып келем. Ийгилик жараткан айтыштардан, 2014-жылы «Жаш таңдай» деген аталыштагы айтышта баш байгени алгам. Ушул эле жылы Таластын 70 жылдыгына карата айтыш болуп, анда 2-орунду ээлегем. 2015-жылы Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына карата республикалык айтышта баш байгеге ээ болдум. Буга удаа эле Кара-Колдо «Ысык-Көл манасчылары» деген республикалык айтышка катышып, анда дагы баш байге алдым. 2015-жылы Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн

айтышта дагы баш байгени алып кеткем. Андан кийин Кыргыз радиосу өткөргөн «Таланттар таймашы» аттуу республикалык конкурстан дагы жеңишке кеткем. Ошентип, жылдын жыйынтыгы менен сиздердин гезиттин «Жылдын мыкты төкмө акыны» сыйлыгына ээ болдум.

Булак: “Мекен инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: