Бүгүн, 30-сентябрда КР УКМК КР Жогорку Кеңешинин депутаты Канат Исаевди массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча камакка алды. Аны камакка алууга негиз болгон фактылардын бири катары жашыруун жазылып алынган кримтөбөлдөр “Дөө Чынгыз” каймана аты бар Чынгыз Жумагулов менен “Узун Улан” каймана аты менен белгилүү Улан Барчакеевдердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү деп айтылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ