Menu

Казакстандык спортчуга 2 жылдан кийин Олимпиаданын медалы ыйгарылды

Бөлүшүү:

Казакстандык спортчу Денис Улановко 2016-жылы Бразилянын Рио-Де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарынын коло медалы тапшырылды. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазып чыкты.

Казакстандын оор атлетика федерациясы кабарлагандай, Рио Олимпиадасында оор атлетика боюнча 85 килограмм салмактык бөлүктө коло медаль тагынган Румыниялык спортчу Габриель Синкаряндын канынан кызытма табылып спорттон четтетилип, медалынан ажыратылган.

Ашхабадда өткөн оор атлетика боюнча Дүйнөлүк чемпионатта, Эл аралык оор атлетика федерациясынын президенти Тамаш Аян Олимпиаданын коло медалын казакстандык Денис Улановко тапшырды.

“Бул медалды эки жыл күттүм. Албетте Олимпиада учурундагыдай сезим болгон жок. Бирок желегибизди бийик көтөрүп, жагымдуу көз ирмемдерди калтырды”,- деп жазган казак спортчусу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: