Атамбаевдин убагында гүлдөн гүл тандап учкан аарынын образын жараткан Мирбек Касымкулов аттуу офицер боло турган. Алгачкы чыйырын коргоо министрлигинен баштаган бул полковник Атамбаевдин арты менен кыска аралыкта куралдуу күчтөрдөгү бир катар аскердик түзүмдөрдү башкарып, адам башын айланткан карьера жасаганы бар. Алгач УКМК алдындагы Мамлекеттик күзөт кызматынын төрага орун басары, андан соң Улуттук гвардиянын башчысы болгон. Бул кызматын беш ай жетектеген соң Атамбаев бул эргулду мамлекеттик чек ара кызматынын төрагалыгына дайындаган. Чек ара кызматын төрт ай жетектеген соң тагдырдын эркесине айланган Касымкуловду эски бийлик коргоо министрлигин башкарткан. Кубаттуу коргоо министрлигин бир жылдан ашык жетекгеген соң тээ ала жазда жаңы бийлик бул эренди сыпайы короодон чыгарып, узатып коюшканы бар. Ошондон бери куралдуу күчтөрдөгү офицерлер менен тымызын ыйкы-тыйкыларды уюштуруп, интрига кылып жатканы чынбы? «Аскер курулуштун» мурдагы шектүү жетекчиси Кубанычбек Колходжаевдин өзүнчө ачкан жеке фирмасына ишке кирген Касымкулов шефи экөө куралдуу күчтөрдөгү өздүк кадрлары аркылуу тымызын интрига жүргүзүп жатышканы ачыкталабы? Дал ушул экөөнүн баскан шектүү иштерин жемкорлукка күрөш ачкан органдар текшерип көрүшсө «арттары бүксүйт» беле?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ