Өкмөттүн элге жасаган камкордугунун бири төрөлгөн бала үчүн сүйүнчү пул берүү экени талашсыз. Бирок, анын жол-жобосу татаал болгондуктан жарандар түрдүү түйшүктөргө кабылып, кыйынчылыкка дуушар болушууда. Айтсак, сүйүнчү пулду алыш үчүн балалуу болгон ата-эне банктан эсеп ачышы керек экен. Шаар жеринде же облус, район борборлорунда жайгашкандар чубалжыган кезекте убактысын коротсо, айылда жашагандар банк жайгашкан аймактарга бир топ чакырым жол басып барганга аргасыз. Мунун өзү чоң түйшүк да. Социалдык өнүктүрүү министрлигине жаңы дайындалган Улукбек Кочкоров ушул маселени дыкат карап, жеңилдетип берсе деген тилек. Бере турган болгоң соң калкты кыйнабай, жардамга жакындан кол сунбайлыбы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ