Menu

Камерун: Жикчилдер барымтадагы 79 баланы бошотту

Бөлүшүү:

4-ноябрь кечинде Камерундун батышында 79 окуучуну уурдап кеткен жикчилдер балдарды бошотту, бирок үч мугалимди дале барымтада кармашууда. Бул тууралуу окуу жайдын өкүлдөрү билдиришти.

Алардын айтымдарында, балдар «чарчаңкы абалда», бирок физикалык жактан жабыркаган эмес.

11-17 жаштагы окуучуларды уурдаган жикчилдер аймактагы француз тилдүү мектептерди жабууну талап кылышууда.

Интернетке жайгаштырылган видеотасмага ылайык, бул кылмыштын артында өздөрүн «Амба балдары» деп атаган топ турат. Булар Камерундун батышында англис тилдүү «Амбазония» мамлекетин түзүүнү каалап жаткан жикчилдер. Бийликтин маалыматына караганда, өлкөнүн батышындагы эки аймакта онго жакын англис тилдүү жикчил топтор бар. Алар бийлик өкүлдөрү, полиция жана аскер кызматкерлеринен тышкары, куралдуу күрөшүү идеясын колдобогон жай тургундарга дагы кол салышууда.

Балдарды бошотуу үчүн өлкө бийлиги аскердик-полициялык операция өткөргөн. Бирок азырынча анын ийгиликтүү болгон-болбогону белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: