2016-жылдын 4-октябрында Ош шаарынын мэриясы уюштурган Ош шаарынын күнүнө карата, “Сулайман-тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” фестивалга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Мамарайимов Кубанычбек Жолдошович катышкан. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгын негизинде, акындардын арасында “Сулайман-Тоо” деген ыр менен, КР ӨКМдин кызматкери 2-орунга ээ болду.
Ырдын үзүндүсү:
Суйлайман Тоо сыймыгысың элимдин,
Эргүү менен эреркедим берилдим.
Сени менен нечен ирет сырдашып,
Көрбөй калып нечен жолу эзилдим.
Бабур курган өжүрөгө баш багып,
Айгай салып бакырбадым таш жарып.
Ылай сууга агылганча жашоодо,
Өлүм келди Сулаймандан ташталып.
Ырысбайдын моло ташы жалтырап,
Жаш элеси көз алдыма тартылат.
Чыгармачыл болгонума өкүнбөйм,
Кээде тыңмын, калам кээде самтырап.
Сулайман Тоо сыймыгысың жеримдин,
Ыйык ташың табын алган элимдин.
Сени менен сыр чечишип отурсам,
Жашыралбайм жазылганын черимдин.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ