Menu

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады

Бөлүшүү:

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы бүгүн, 31-декабрь күнү билдирди.

«Акыркы мезгилде кыргыз-россиялык өнөктөштүк жана союздаштык үчүн көп иштер аткарылды. Жакында болуп өткөн Бишкектеги жолугушуубузду, эки тараптуу жана аймактык күн тартибинин конструктивдүү, мазмундуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү канааттануу менен эстейм.

Россиянын жана Кыргызстандын кайчылаш жылы деп жарыяланган келе жаткан 2020-жылы дагы биз боордош элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен тыгыз жумушту улантабыз деп ишенем.

Сизге, Сооронбай Шарипович, Сиздин жакындарыңызга жана үй-бүлөңүзгө бекем ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына — тынчтык жана бакубатчылык каалайм», — деп Владимир Путиндин куттуктоо телеграммасында белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: