“Абактан чыккандан кийин биринчи эле үй-бүлөңдү, аялыңды, бала-чакаңды көргүң келет” – деди президенттикке талапкер Садыр Жапаров “Азия MIX” командасынын капитаны Элдияр Кененсаровдун “Ким экен” аттуу программасында интервью берип жатып.
Алып баруучу “Эң биринчи кимди эстедиңиз?” деп суроо узатты.
“Каза болуп калган балаңды эстейсиң. Дастанды эстедим. Мен барганда үйдө болсо деп… Ал эми түрмөдө жаткан кезде үй-бүлөңдү, балдарыңды, жакындарыңды эстейсиң” – деди Жапаров.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын 26-августунда Садыр Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулу Бишкектеги №4-травматологиялык ооруканада автокырсыктан алган жаракатынан улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ