Menu

Болотбек Дыйканбаев: Жаңы конушка көчпөгөндөрдүн электр жарыгын биротоло өчүрөбүз

Бөлүшүү:

Өзгөн району – Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктары эң көп тооруган аймак. Буга дейре коопсуз аймактарга 1039 үй-бүлө көчүрүлүшү керек эле. Эми буларга дагы 901 үй-бүлө кошулуп, аларды дагы табигый апаат жакын арада каптачудай түрү бар. Өзгөн районунун акиминин орун басары Болотбек Дыйканбаев кабарчыбызга курган маегинде бул өңүттө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө буларга токтолду.

– Болотбек мырза, ушул тапта деги акыбалыңыздар кантти экен?

-Албетте, көрдүңүз го, көңүлүбүз дагыле тынч эмес! Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусуна ылайык районубуздагы кооптуу аймактарда отурукташкан 1039 үй-бүлө токтоосуз түрдө коопсуз тилкелерге көчүрүлүшү кажет! Эми булардын сабына дагы соңку тапта 901 үй-бүлө кошулуп олтурат. Анткени, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дасыккан адистери буларды дагы кылдат иликтешип, анан гана дал ушундай жыйынтыкка токтолушту.

– Үйлөрү жер көчкү астында калгандарды, ошондой эле коркунучу күч кыштактагыларды неге дагыле тынч аймактарга мажбурлап болсун дагы көчүрбөй жатасыздар?

– Кантип? Ар бир үй-бүлөгө дейре баш багып, аларды абдан катуу эскертип, а түгүл айла куруганда ар бирине тил кат дагы жаздыртып алдык. Булардын бардыгын Жаман-Адыр жана Ана-Кызыл жаңы конуштарына катарынан көчүрүп жатабыз. Акыркы мөөнөт – 15-сентябрь. Ага дейре жаңы жайларына баары көчүп барышпаса, эски журтунда жан-сактагандарга мыйзам чегинде башка дагы өтө катаал чараларды көргөнгө мажбур болобуз. Биздин башка айлабыз калган жок!

– Өзгөн шаарынын борбордук базарын акыры ирээтке салып жатканыңыздар, албетте, кубаттоого гана арзыйт. Тилекке каршы, биздин байкашыбызча, айрымдар бул аракетиңиздерге катуу эле каршылык көрсөтүп жатышкандай?

– Ооба. Танып не. Өзгөн базары – Борбор Азиядагы эң байыркы соода борбору. Анын ушул таптагы ирээтсиздигинен чындап эле баш айланат. Ошол себептүү катарынан мыйзамсыз орнотулган контейнерлерди жылдыртып атабыз. А талабыбызга таптакыр баш ийбегендерди соттор аркылуу административдик айыптарга дагы тартып жатабыз. Анткени, чыдамыбыз түгөндү, эй. Мындан башка аргабыз дагы калган жок!

– Болотбек мырза, азыркы Кыргыз бийлигинин жемкорлукка каршы аёосуз күрөшүнө сиз кандайча карайсыз?

– Ооба. Жемкорлукка шектелгендерди даражасына карабастан чекесинен камап жатышат. Албетте, бул – кубаттай турган гана көрүнүш жана алгачкы эле жараян. Күрөштүн экинчи этабында жемкорлорду кустуруу – жеп-ичкендерин токтоосуз түрдө мамлекет казынасына төктүрүү жараяны дагы улантылат. Мен буга бөркүмдөй ишенем!

Учурдан пайдаланып айтаарым мен билгенден Соороонбай Жээнбеков – таза, эч качан булганбаган, артынан бир дагы жаман сөз ээрчитпеген, Кыргызстанда кадр саясатын абдан мыкты өздөштүргөн президент. Көпчүлүк анын жемкорлорго каршы туруктуу күрөшүн абдан катуу колдоп жатат. Бирок, Жогорку Кеңеш тарабынан мындай саамалыктын колдоо таппай жаткандыгы мени дагы абдан өкүндүрөт.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: