КР УКМК Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен биргеликте азыркы убакта түрмөдө отурган террористтик жана экстремисттик уюмдарынын мүчөлөрүн экстремисстик идеологиядан арылтуу максатында активдүү иш-чараларын улантууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында КР Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча 3 жылга эркинен ажыратылган КР жараны 1970-ж.т. Ош шаарынын тургуну Т.Д. джихаддык идеологиядан өз каалоосу менен баш тартты.
Ал өкүнүп, бул идеологияны толугу менен утопиялык мүнөздөгү катачылыгын
жана пайдасыз деп таанып, өлкөнүн калкы айрыкча жаштар жогоруда аталган
диний-экстремисттик уюмдун идеологиясын терс таасиринен сак болууну жана
анын ишине катышпоого чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ