Жаза аткаруу кызматы УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан бөйрөк оорусуна байланыштуу Улуттук онкология борборуна которулганын билдирди. Бул тууралуу мекеме: “Ал соттолгонго чейин эле ооруп келген экен. Акыркы убакта №47 түзөтүү мекемесинде дарыланып жаткан. Анын ооруканага которулганына бир апта болду. Учурда ал кайтаруу алдында дарыланууда, ооруканадан качан чыгары белгисиз” -деп маалымдады. Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал «2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган» деген айыптын негизинде 20 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин Бакиевдин тушунда Ички иштер министри кызматын аркалаган Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши кыскарып коомдо нааразычылык жаралды эле. Эми минтип Бакиевдердин «желдеттери» четинен жоопкерчиликтен кутулуп баштады. Бийлик мындай кадамы менен элдин жек көрүүсүн ойготкону калды окшойт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ