Бишкек шаарында жалпысынан 348 адам коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, борбордо аныкталган учурлардын көпчүлүгү Ленин районунда катталган.
“Бишкек шаарында коронавирус менен ооруган адамдардын саны 348ди түздү. Алар 727 адам менен байланышта болгон. 348 ооруга чалдыккан адамдын ичинен 90у медицина кызматкерлери, 43ү ички иштер оргондарынын кызматкерлери болуп чыкты. Бүгүнкү күндө республиликалык клиникалык ооруканадан 246 адам айыгып чыгарылды. Санэпидкөзөмөл борборунун лабораториясы тарабынан 18 миң 810 адамдан анализ алынып, изилденди”, – деп билдирди мэр.
“Коронавируска чалдыккандар: Ленин районунда – 102, Октябрь району – 71, Биринчи май району – 56 жана Свердлов районунда – 43 адам катталган” – деп билдирди Азиз Суракматов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ