Menu

Видео – Гүлмира Ибраимова, укук коргоочу: “Мамлекеттин да өзүн-өзү коргоого укугу бар, чет элдик уюмдар бейөкмөт уюмдар аркылуу өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүдө”

Бөлүшүү:

“Жогорку Кеңеш кабыл алып жаткан бейөкмөт уюмдары тууралу мыйзам долбоору мен жетектеген коомдук бирикмени аябай кубантты. Жалгыз эле бизди эмес, биз менен кызматташып жатышкан, чет элден гранттарды албай, өз каражаттарына иш жүргүзгөн көптөгөн коомдук бирикмелердин баары кубанып жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 22-майда “Сила народной воли” бейөкмөт уюмунун төрайымы Гүлмира Ибраимова Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдар тууралу мыйзамды коомдук угуу учурунда.

“Мындай коомдук бирикмелер жыйындарга коомдук ашканаларда чогулуп, өз көйгөйлөрүн ошол жерлерде талкуулап чечет. Анткени бул бейөкмөт уюмдардын кымбат мейманкалардан имарат жалдоого каражаттары чектелүү. Ал коомдук бирикмелердин өкүлдөрү бүгүн Жогорку Кеңештин имаратына кире алышкан жок, бирок алар менден өз пикирлерин жеткирүүнү суранышты. Жогорку Кеңеш кабыл алып жаткан мыйзам эмнеси менен жакшы? Бул жерде адам укуктары тууралу сөз кылып жатышат, бирок бул мыйзамдан мен бир да адам укугун бузууну көрбөдүм. Ошондой эле Мамлекеттин да өзүн-өзү коргоого укугу бар. Бирок акыркы жылдарда биздин мамлекет ал укугун пайдалана албай жатат. Өлкөнүн конституциясында мамлекеттин өзүн-өзү коргоо укугу жазылып турганына карабай өлкөнүн ички иштерине бейөкмөт уюмдар аркылуу ар түрдүү эл аралык уюмдар кийлигишип жатат. Мына ушундай кийлигишүүлөргө жол бербөө үчүн биз мыйзамга “чет элдик бейөкмөт уюмдар” деген түшүнүккө чечмелеп түшүндүрмө жазып киргизип коюуну сунуштайбыз. Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамдын 2-беренесине чет элдик бейөкмөт уюмдардын милдеттери жана ыйгарым укуктары чечмеленип жазылып коюлсун. Бейөкмөт уюмдардын ыйгарым укуктары биздин өлкөнүн ички иштерине залакасы тийбегендей болушу зарыл. Бул маселелер азыр бүт дүйнөдө өтө курч коюлууда. Мына, Россия да өзүнүн конституциясына эл аралык мыйзамдарга караганда улуттук мыйзамдардын үстөмдүгү, артыкчылыгы тууралу беренени киргизип жатат. Муну Россия жөн эле жасап жаткан жок – Россия да өзүн-өзү коргоп жатат. Кайсы гана өлкө болбосун өзүн коргоого тийиш. Эң биринчи биздин өзүбүздө “биз Кыргызстан” деген аң-сезим пайда болуш керек, биз Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жашашыбыз керек. Биз талкуулап жаткан мыйзам долбоору мына ушул багыттагы биринчи кадам болуп жатат – биздин өлкө өзүн-өзү коргой албаса анан кантип биз өзүбүздү “биз Кыргызстан” деп аңдап-сезебиз? Бул мыйзам долбоору эң туура кабыл алынып жатат, алтургай бир аз кечигип жатабыз. Анткени биз жаңы тарыхтан бул багытта аябай чоң сабак алып гана анан муну жасоону түшүндүк”, – деди Гүлмира Ибраимова.

Эсиңиздерге сала кетсек, Гүлмира Ибраимова биз билгенден көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун кызы болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: