Menu

Видео – Берра Тайыржан: “Кыргыздар ызы-чуусуз, кезекке турганды үйрөнө албай койдук го…”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-майда Москванын Шереметьево аэропортунан Бишкекке Россиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясынын учагы менен 400 кыргыз жараны учту. Ал рейсти каттоо учурунда кыргыз жарандары бир узун, тартиптүү кезекке турбай, баары алдына жулунуп, каттоо жүрүп жаткан жерге котолоп туруп алышып, кезек талашып, жаңжалдашканын окуянын бир нече күбөлөрү жарыялап чыгышты.

Мекендешибиз Берра Тайыржан да “Кыргыздар урушуп-талашпай, кезекке турганды үйрөнө албай койдук го..”, – деп өкүнүү менен видеотасма жарыялады.

“Бүгүн, 17 май Бишкекке 400 адам учмак, факты жүзүндө 379 жаран учуп кетти. Тилекке каршы тизмеге кирбегендер да Шереметьево аэропортуна келип, тизме боюнча уча тургандарга тоскоол кылып коюшту. Ошондон улам талаш-тартыш, таарыныч жаралып, түнкү саат 01:00дө башталган каттоо процедурасы өтө эле созулуп кетип, таңкы 09:00га чейин чоюлду. 07:40 уча турган борт, 2 саат кармалып жолго чыкты. Биз максималдуу аларды 2 саатка жакын кармадык, сурандык толук киргизип алууну. Бирок, аэропорттун кызматтары жана учактын экипажи, 9дан өткөн соң, “же биз учабыз калгандарды күтпөй, же рейсти такыр жылдырып салабыз” деп, шарт койгондон кийин, аргасыз макул болгонго туура келди. Анын жыйынтыгында 23 киши үлгүрбөй калды. Ал эми бир жараныбыз болсо, борт жылаардын алдында өзү      учактан чыгып кетти, “дем ала албай жатам, демим кысылып” деп. Ошол. Эмнеси болсо да, калган 378 мекендештерибиз аман-эсен жетип алып, обсервацияны да тынч өтүп алышсын”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын мигранттарды колдоо фондунун директору Тимур Саралаев:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: