Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 17-августта Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаковду кабыл алды.
Жергиликтүү ММКлар маалымдагандай, жолугушуу учурунда эки өлкө ортосундагы аскер жана аскер-техникалык кызматташтык, анын ичинде бул тармакта кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.
Ташкентке иш сапар менен келген Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаков президент Нурсултан Назарбаевдин саламын жолдоп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Мирзиёевге ыраазычылыгын билдирди.
Ал аскер жана аскер-техникалык тармактарда өз ара кызматташууну бекемдөөгө кызыктар экенин билдирди.
Өлкөнү 25-жылдан ашуун убакыт башкарган мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун бийлиги маалында Өзбекстан коңшулары менен чек ара, суу жана башка маселелер боюнча келише албай келген. Каримов көз жумгандан кийин бийликке келген Мирзиёев коңшулары менен алакаларды оңдоо үчүн бир катар кадамдарды жасаганы айтылып келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ