Бишкекте “Бишкек, мен сени сүйөм” деген инсталляцияны атайын талкалап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, 15-ноябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жайгашкан “Бишкек, мен сени сүйөм” инсталляциясын белгисиз жаран талкалап кеткен.
Ленин РИИБинин кызматкерлери талкалаган адамды изин суутпай кармаган. Ал 27 жаштагы М.у.Т. аттуу Нарын облусунун тургуну болгон.
Кармалган жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин 174-беренеси (Башканын мүлкүнө олуттуу зыян келтирүү менен аны атайылап жок кылуу, зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ