Menu

Мухамметкалый Абулгазиев: Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү татыктуу кадрлардан көз каранды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 18-августта, JDS долбоорунун 11 топтогу стипендиаттары менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Биринчи вице-премьер-министр Япония мамлекетине кетип жаткан кезектеги жаш мамлекеттик кызматкерлерди узатып жатып, аларга эки жыл аралыгында татыктуу билим алып, аны кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн жумшоосуна багыт берди.

«Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү татыктуу кадрлардан көз каранды. Бул долбоор 2007-жылдан тартып жүзөгө ашырылып келе жатат жана бүгүнкү күнгө карата JDS долбоорунун стипендиаттарынын он биринчи тобу түзүлдү. Кыргыз Республикасынын кадрларын даярдоодо Япония Өкмөтүнүн колдоосун биз жогору баалайбыз, ушундан улам Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Жыйында Япониянын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ямамура Есихиро сөз сүйлөп, Япония Кыргызстанга билим берүү тармагында жана мамлекеттик башкаруу багытында колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Эскерте кетсек бүгүнкү күндө чейин JDS долбоору боюнча 161 кыргыз стипендианттары билим алышкан. Алардын эки жылдык окуусунан сырткары бардык чыгымдары Япония Өкмөтү тарабынан каржыланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: