Сирия менен Ирактын бир канча аймагын ээлеп алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп жүргөн тажикстандыктардын 90 пайызы интернет аркылуу азгырылганы аныкталганын тажик башпрокуратурасы жарыялады. Алардын 85 пайыздайы эмгек мигранты болгон жана экстремисттик топторго Орусияда жүргөн жеринен кошулуп кеткен. “Ислам мамлекети” террордук тобунунун катарында беш жүздөй тажик жараны бар.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ