АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннон 24 -29-октябрь аралыгында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанды кыдырат. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин сайтында жарыяланды.
Жогорку кызматтагы чиновниктин Борбор Азияга болгон алгачкы сапары, бул өлкөлөрдөгү эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналат. Анын алкагында Борбор Азия аймагындагы беш өлкөнү жана АКШны камтыган «С5+1» линиясы боюнча кызматташуу маселелери талкууланат.
Шэннон алгач Астанага келет, Бишкекте болсо 26-27-октябрь күндөрү болот. Сапардын жүрүшүндө өлкөнүн расмий жетекчилери, парламент депутаттары менен жолугушмакчы. Мамлекеттик департаменттин башкы катчысынын орун басары мындан тышкары жарандык коом өкүлдөрү менен пикир алышып, 1916-жылкы окуяда курман болгондордун элесине арналган мемориалга гүл коет.
Шеннон андан ары Ташкент жана Самаркандга барып, өлкө жетекчилиги, бизнес-коомчулук, жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушат. Ал ошондой эле Ислам Каримовдун бейитин зыярат кылат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ