Menu

УКМК: Жеке ишкерден $7000 пара талап кылган жаран алдамчылык беренеси боюнча кармалды

Бөлүшүү:

31-июль күнү УКМК тарабынан өткөзүлгөн ыкчам-тергөө иш чараларынын жүрүшүндө КР жараны К.А. алдамчылык фактысы боюнча кармалды.

Ал Бишкек шаарындагы “Көлмө” жаңы конушундагы коомдук транспорт маселесинен пайдаланып, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жеке компаниялардын биринин директорунан, алдоо жолу менен алардын ишмердүүлүгүнө байланышкан ишти бүтүрүп берүү үчүн 7 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдмачылык) боюнча катталды.

Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайын камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: