Menu

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту 40тан ашуун депутат колдоду

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту Жогорку Кеңеште 40тан ашуун депутат колдоду. Бул тууралуу депутат Канатбек Исаев төрага Дастанбек Жумабековго кайрылып жатып билдирди:

– Экс-президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу биз көтөргөн жанагы маселе боюнча 40тан ашык добуш топтолду. Мен расмий түрдө тапшырам, сиз тиешелүү комитетке жөнөтсөңүз.

Бүгүн 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов жана төрага Дастанбек Жумабеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн жана соңку билдирүүлөрүн кескин сындап, ага тиешелүү баа берүүгө үндөшкөн.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Өзү парламенттеги бүгүнкү демилгеге комментарий бере элек. 8-июнда ал Бишкекте өткөн митингде өзүн актап, азыркы бийликти сындаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: