Menu

Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стационарларга 42 миңге жакын адам кайрылган

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-июлда, Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов брифингде сөз сүйлөп, күндүзгү жана түнкү стационарлардын иши жөнүндө айтып берди.

“Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Өлкө жетекчилигинин тапшырмасын ишке ашыруунун негизинде Бишкек шаарынын аймагында 13 күндүзгү стационар райондордо иш жүргүзүп жатат”, – деди ал.

Ленин районунда – 5 стационар,

Свердлов районунда – 3 стационар,

Октябрь районунда – 2 стационар,

Биринчи май районунда – 3 стационар.

Күндүзгү стационарлардын иштөө режими саат эртең мененки 8:00дон кечки 20:00го чейин.

Күндүзгү стационарларда калкка медициналык жардамды 216 медицина кызматкери жана 22 ыктыярдуу кызматкер көрсөтүүдө.

Ошондой эле ал жерлерде электрондук кезек терминалдарын орнотуу башталды.

Күндүзгү стационарда иштеген медицина кызматкерлери үчүн акысыз тамак жана мейманканаларда жайгашуу уюштурулуп, күн сайын ооруканаларда дезинфекциялык иш-чаралар өткөрүлүп турат.

16-июлга карата күндүзгү стационарларга медициналык жардам алуу үчүн 41 308 адам кайрылган:

29 705 адам тамчылатма дары алышты,

11 366 адамга консультация берилген;

227 адам ооруканага жаткырылып, тилекке каршы он адам каза болду.

Мындан тышкары, 2020-жылдын 14-июлунан тартып 220 керебеттүү эки түнкү стационар иштей баштады. 34 медициналык кызматкер жана беш ыктыярчы түнкү стационарларда медициналык жардам көрсөтүүдө. Ошондой эле төрт дарыкана жайгаштырылып, 51 кычкылтек концентратору бар.

Жалпысынан, 2020-жылдын 15-16-июлунда 683 адам түнкү стационарларга медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. 282 адам тамчылатма дары, 397 адам медициналык кеңеш алып, эки адам ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы эки адам көз жумган. Түнкү стационарлардын иштөө убактысы 20:00 – 08:00го чейин.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: