Кыргыз элинин туңгуч жазма акыны, даанышман ойчулу Молдо Кылыч Шамыкан уулунун туулган күнүнүн 150 жылдыгына жана дүйнөдөн кайткандыгынын 100 жылдыгына карата КР Президентинин Аппаратынын тапшырмасы менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан “Молдо Кылыч” аталышында китеби жарык көрдү. Бул турасында маалыматты Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.
Китепке казалдар, изилдөөлөр жана макалалар камтылып, 1000 нуска менен жарык көрдү.
Аталган китептин бет ачары катарында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен биргеликте “Молдо Кылыч – улуу акын, даанышман ойчул” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция өткөрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ