Жогорку Кеӊештин Конститутциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймагына кирүүчү үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок адамдарды бирдиктүү эсепке алуу тутуму тууралуу макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.
Өкмөттүн маалыматына караганда, мыйзам долбоору мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган. Анын максаты адамдардын кыймылын көзөмөлдөө жаатындагы уюштуруу-башкаруу чечимдерин даярдоо жана кабыл алуу боюнча мамлекеттер аралык маалымат алмашуунун сапатын көтөрүү болуп саналат. Ал КМШ аймагына кирүүчү үчүнчү өлкөлөрдүн адамдарын кыймылына тийиштүү маалыматтарды топтоо, сактоо жана иштеп чыгууга багытталган.
Кыргызстанда БЭСти жайылтуу Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (ТМЭБС) долбоорунун негизинде ишке ашырылууда. ТМЭБС долбооруна Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы, Мамлекеттик миграция кызматы катышууда. Аталган долбоор эки этаптан турат: 1-этап – “Манас” эл аралык аэропортун, “Ак-Жол” унаа көзөмөл-өткөрүү жайын жана Ош аэропортун кошуу; 2-этап 13 көзөмөл-өткөрүү жайын кошууну камтыйт жана башка мамлекеттик органдардан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматынын катышуусу болжолдонууда.
Ал Тышкы иштер министрлигинин атайын эсебинен каржыланат. Акча каражаты Жогорку Кеӊештин тармактык комитети менен макулдашылып, УКМКнын эсебине которулган. Анын жыйынтыгында ТМЭБС программасын иштеп чыгуучу тарап менен контракт түзүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ