Menu

Фото – Муфтият коронавирусту алдын алуу максатында түлөө өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-мартта Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  кайрымдуу инсандар менен биргеликте коронавирусту алдын алуу максатында түлөө өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Элибиздин ар кандай кырсыктан, оорудан оолак сактоо максатында өткөрүлгөн түлөөгө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Молдо Сабыр Досбол уулу, Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов жана аксакалдар, жергиликтүү жамаат катышты.

Азирети Муфтий өз сөзүндө ата-бабаларыбыз бөөдө кырсыктан, ар кандай балээден, ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып түлөө өткөргөнүн белгилеп, элибиздин амандыгын, биримдигин, мамлекетибиздин тынчтыгын тилеп дуба кылды.

“Садака берүү ар кандай балээден кайтарат. Коронавирус деп дүрбөлөңгө түшпөй ага тообо келтирип, мындай учурда каада-салтыбызда да, шариятыбызда дагы Жараткандан оорудан, жаман өлүмдөн сактап, илдетке шыпаа берсин деп кан чыгарып, түлөө өткөрүп келишкен. Ылайым Алла Таалам элибизге амандык, биримдик берип, жергебизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болсун”,-деди Азирети Муфтий.

Түлөөгө 2 бодо мал союлду. Анын эти кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жергиликтүү жамаатка бөлүнүп берилип, жеринде таратылды. Мындай түлөө эми өлкөнүн башка аймагында дагы улантылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: