Menu

Фото – Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Борбор Азия – АКШ» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-августта Нур-Султан шаарында жалпы кызыкчылык жараткан саясий чакырыктарды жана коопсуздук көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн «Борбор Азия – АКШ» («С5+1») форматында жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп өттү. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын делегациясын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жетектеди.
АКШнын атынан саясий маселелер боюнча Мамлекеттик катчынын Орун басары Дэвид Хейл, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов, Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин, Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов, Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, ошондой эле Министр Чыңгыз Айдарбеков экономикалык коопсуздукту жана өнөктөштүктү колдоо, регионалдык коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү, Борбор Азиядагы жана коңшу Афганистандагы тынчтыкка жана гүлдөп-өсүүгө көмөктөшүү боюнча аракеттер тууралуу пикир алмашышты.
Тараптар «С5+1» форматындагы кийинки министрлик жолугушууну пландоону талкуулашты жана коопсуздук, экономикалык байланыштар жана курчап турган чөйрө боюнча «С5+1» жумушчу топторунун алкагындагы учурдагы иш-чараларды белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: